super.kg logo

Ош шаарында бүтүрүүчү класстын 49 окуучусу кызыл аттестат алууга талапкер болууда

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин бүтүрүүчү класстарынан 49 окуучу өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестат алууга талапкер болду. Бул үчүн 10-11-класста окуган чейректик, жылдык баалары жалаң "5" болуп, коомдук иштерге жигердүү катышуусу эске алынган.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бүтүрүүчү класстын окуучулары ушул жылдын май айында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 4 сабактан сынак тапшырышат. Сынактан эң жогорку баа алган окуучулар кызыл аттестат алуу укугуна ээ болушат.

Ал эми 9-классты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктүн өзгөчө үлгүдөгүсүн алуу үчүн 70 окуучу талапкер болду. Эске салсак, былтыркы окуу жылында Ош шаарындагы мамлекеттик мектептердеги бүтүрүүчү класстын 10 окуучусу өзгөчө үлгүдөгү аттестат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: