Өкмөт ЭлТРдин жетекчилигин алмаштырышы мүмкүн
Өкмөт ЭлТР телеканалындагы тирешүүнү териштирип жатат. Бул тууралуу 15-апрелде SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Торалиева билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, телеканалдын кызматкерлери тарабынан көп даттануулар түштү. "Өкмөт бардык материалдарды изилдеп чыккандан кийин чечимин чыгарат",- деди Торалиева.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-апрелде ЭлТРдин Профсоюз уюму телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиевага 3 талап коюп, талаптар 3 күндүн ичинде аткарылбаса, кызматкерлер иш таштоого барышарын жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.