Казакстандын ондогон айылдарын суу каптап, жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту

Казакстанда 10-апрелде абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлүп, бир учурда Казакстандын төрт облусу жазгы селден жабыркоодо. Республикалык деңгээлдеги бир канча чоң жолдор суу астында калып, ондогон айылдарды суу каптап, жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бүгүн, 15-апрелде чет элдик маалымат булактары билдиришкендей, селдин кесепетинен аталган өлкөнүн Акмоло, Караганда, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустары кырсыкты башынан кечиришүүдө. Өзгөчө кырдаалдар боюнча жергиликтүү департаменттин кошуундары дамба куруп, жолдорду тазалап жана калкты коопсуз жайларга эвакуациялашууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер суу каптоо мезгили аяктагыча уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
uragan007

16.04.2015. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.