super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын 37-уюмдаштыруучу мүчөсү катары кабыл алынды

 

2015-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азия инфраструктуралык инвестиция банкына (АИИБ) уюштуруучу мүчө катары кошулуу ниетин жактыруусун тастыктаган кытай тараптын каты келип түштү. Кыргыз Республикасы АИИБ учурдагы уюштуруучу мүчөлөрүнүн бир добуштагы колдоосунун негизинде анын 37-уюмдаштыруучу мүчөсү катары кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

АИИБинин максаты:

1. Максаттуу эсептелген инфраструктурага жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо аркылуу Азиядагы экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү жана инфраструранын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу;

2. Өнүктүрүү жаатындагы милдеттерди чечүүдө аймактык кызматташууну жана шериктештикти өнүктүрүү, башка көп тараптуу каржылык институттар менен тыгыз кызматташуу.

3. Өнүгүп келе жаткан аймактык мүчөлөрдүн инфраструктурасына инвестициялоо, анын катарында энергетика, транспорт жана телекоммуникация, айыл чарбасы, суу менен камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: