super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен алдыдагы шайлоолорду таза өткөрүү маселесин талкуулады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 14-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылыгынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун башчысы Мирослав Енчаны кабыл алды. Бул тууралуу 15-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага М.Енчага буга чейинки аткарган иштери боюнча ыраазычылык билдирип, 2010-жылы Ош окуясын өз учурунда токтотууга БУУнун салымы чоң экенин айтты. “Сиз Кыргыз Республикасында туруктуулук жана тынчтык орношуна чоң салым коштуңуз. 2010-жылдагы Июнь окуясында кыргыз элинин акылмандыгы жана эл аралык уюмдардын эффективдүү кызматташтыгы, анын ичинде БУУнун салымы менен окуяны өз учурунда токтотуп, гуманитардык каатчылыктын алдын алдык”,- деп белгиледи төрага.

Ошондой эле Жээнбеков Кыргыз Республикасына 28 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн БУУнун кыргыз жериндеги "Тынчтык куруу" фондунун ишмердүүлүгүн кеңейтүү боюнча М.Енчанын жана Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын Бишкектеги кеңсесинин аракетине көңүл бурду. “Кыргыз мамлекети тандап алган парламенттик демократияны куруу жолуна БУУ системинин жана анын Башкы катчылыгынын колдоосу кыргыз өлкөсүндө жогору бааланат”,- дейт төрага.

Ал эми БУУнун  өкүлү Жогорку Кеңеш, өкмөт жана өлкөнүн жарандык коому менен кызматташуунун натыйжасында "Тынчтык куруу" фондунун иши жемиштүү болгондугун белгиледи. “Фонд туруктуулукту бекемдөө боюнча жетишилген ийгиликтерди сактап калууну максат кылган. "Тынчтык куруу" фондунун линиясы боюнча натыйжалуу ишке ашырылган долбоорлор жана башка программаларга каражат бөлүү БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун жеке колдоосунан улам болду”,- дейт Енча.

М.Енча Кыргыз Республикасына ар тараптуу, өзгөчө парламенттик демократияны өнүктүрүүгө, шайлоо системин жакшыртууга, мамлекеттик бийлик органдарындагы реформаларды андан ары улантууга көмөк көрсөтүүгө БУУ даяр экенин белгиледи. Тараптар кыргыз мамлекетиндеги демократиялык процесстерди жана стабилдүүлүктү бекемдеш үчүн шайлоо системин реформалоону аягына чыгаруу, алдыдагы парламенттик, ошондой эле президенттик шайлоону таза, адилет өткөрүүнү уюштуруунун зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти.

Жолугушуунун соңунда төрага Енчага жигердүү ишмердүүлүгү, өлкөдөгү демократиялык жана конституциялык түзүлүштүн бекемделишине, коопсуздуктун жана туруктуулуктун камсыздалышына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: