Чемпиондор Лигасында "Ювентус" футболдук клубу "Монакону" утту. "Реал" менен "Атлетико" тең чыгышты





















УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 15-апрелге караган түнү 2 оюн орун алды. Италиянын Турин шаарында "Ювентус" футболдук клубу франциялык "Монако" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсебинде "Ювентустун" жеңиши менен аяктады. Голду 57-мүнөттө Артурро Видаль киргизди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Мелдештин расмий сайтынан алынды
Ал эми Испаниянын Мадрид шаарында бул шаардан чыккан эки ири клуб "Реал" менен "Атлетико" кез келди. Өткөн жылы аталган мелдештин финалында ойногон бул командалар жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Оюн маалында "Реалдын" оюнчулары бир топ мүмкүнчүлүк түзүшкөнү менен, 90 мүнөт ичинде гол жаралган жок.
Бул курама командалар жарым финалдык жолдомонун ээсин кийинки аптада аныкташат. Тагыраак айтканда, командалар 22-апрелде жооптук оюн өткөрүшөт.
Чемпиондор Лигасы: "Атлетико" - "Реал" - 0:0
Чемпиондор Лигасы: "Ювентус" - "Монако" 1:0
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

боргон керек болсо реал 5 жолу катарынан болгон