super.kg logo
  Саясат  

Кубатбек Бороновду ооганчылар "Эмгек сиңиргендиги үчүн" медалы менен сыйлады

 
15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 24 жылдыгына карата салтанаттуу жыйналыш болуп, ага министрликтин өздүк курамы, ЖКнын депутаты, Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев жана Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин иш башкаруучусу Тыныбек Кадыров катышты. Министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде учурда Ооган согушунун 19 ардагери кызмат өтөп жатканын айтып, бул согуштун ардагерлерин куттуктады. Жыйында ӨКМнын Ардак грамотасы менен Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин иш башкаруучусу Тыныбек Кадыров сыйланса, министрликтин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы менен Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков, Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев сыйланды. Ал эми жыйынга чакырылган коноктор Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин “Эмгек сиңиргендиги үчүн” медалын ыйгарышты.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: