super.kg logo

Бишкекте тынч митинг өткөрүү үчүн чыккан 15 чакты айымды милиция кызматкерлери күчтөп автобуска салып кетишти

 
Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте Ак үйдүн алдына алган насыяларын төлөй албай калгандарын айтып, тынч митингге 15ке чукул айым чыккан. Алар алган насыяларын төлөөдө доллардын курсу өсүп кеткенине байланыштуу кыйналып жаткандарын айтышты. Алар КРнын "Улуттук банк тууралуу" мыйзамына, “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча суроону карап көрүүнү суранып жатышат. Иш-чара аянтта өткөн соң чогулгандар Улуттук банктын алдында тынч митинг өткөрүшмөк. Бирок акцияны милиция кызматкерлери үзгүлтүккө учуратып, чогулган аялдарды күч менен автобуска салып кетишти. Алдын ала маалыматтар боюнча, чогулгандар митинг өткөрүү боюнча соттон уруксат алышкан эмес. Аларды Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө алып кетишти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кредитти карызды жабыш учун эмес, ишкердикти баштоо, онуктуруу, коммерция, алып сатуу иштери, мал, айыл чарбасын онуктуруу учун алыш керек. Ошондо да тыкыр изилденип, тобокелдиктер эске алынып тузулгон бизнес пландын негизинде. Анан бизде той откоруу, бироолордон алган карызды жабуу учун, же тобокелдиктер эске алынбай кредит алып, толой албай калса, керек учурда карыз берген Банк куноолуу болобу?? ой тообо десе!! Билип туруп эле митингге чыга бересинер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: