Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды
Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал белгисиз адам Новопокровка айылында жайгашкан май куюучу жайдын терезесин сындырып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Э.Э. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.