super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "сексуалдык ден соолук", "сексуалдуулук" деген түшүнүктөр чагылдырылган мыйзам долбоорун талкуулап жатышат

 

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жыйынында "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун 2-окууда карап жатат.

Демилгечи депутаттардын айтымдарында, бул долбоор жарандардын тукум улоо укуктары жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыгып, мамлекеттин ошол укуктарды ишке ашыруу боюнча кепилдиктерин аныктайт жана жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын сексуалдык жана тукум улоо, ден соолукту сактоого кызыкдар жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөрдүн катарына "бойго жетпеген", "медициналык кийлигишүү", "сексуалдык укуктар" жана "сексуалдык ден соолук", "сексуалдуулук", "сексуалдык билим алуу", "жыныстык клеткалар", "карын энелик","карын энелик туурасында келишим" жана башка түшүнүктөр кирет.

"Долбоордо "сексуалдык ден соолук" аныктамасынын өз алдынча колдонулушу каралган. Анткени билим деңгээли жетишсиз болуп, сексуалдык жана тукум улоо, ден соолук менен тейлөөлөр жөнүндө тийиштүү маалымат берилбей, кооптуу жыныстык жүрүм-турум, аялдар менен кыздарды кемсинтүүгө негизделген социалдык тажрыйба кеңири тараган себептүү көптөгөн адамдарда сексуалдык жана тукум улоо, ден соолук жөнүндө туура түшүнүк жок",- дешти демилгечилер.

Талкуунун жыйынтыгында долбоор 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айта кетсек, бул долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Татьяна Левина, Ыргал Кадыралиева, Абдыманап Кутушев, Мурадыл Мадеминов, Надира Нарматова жана мурдагы депутат (вице-премьер-министр) Дамира Ниязалиева демилгелешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: