super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жайыттарды жакшыртуу үчүн Дүйнөлүк банктан 15 миллион доллар алууда

 
Бүгүн, 15-апрелде парламент “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулады.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинен 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат. Аталган долбоор Чүй жана Талас облустарын камтыйт. Долбоор 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде ишке ашырылмакчы.
Айта кетсек, буга чейин парламенттин тармактык комитети бул долбоорду 1-2-3-окууда жактырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: