super.kg logo

Жалал-Абад. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата марафон өтүп жатат

 

Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында “1941-1945-жылдарда Ата Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын” аттуу марафон болууда. Иш-чара мэриянын, шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюштурулуп, шаардык бийлик өкүлдөрү, калаада жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын жамааттары, тургундар катышып, өз салымдарын кошушууда. 

Мэриядан кабарлашкандай, 9-Май - Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата мекеме-ишканалар жамааттарынын көңүлдөрүнөн чыккан акча каражаттарын урнага салышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан 10 миң жоокер согушка кетип, алардын 5124ү кайтып келген. Өткөн жылы ушул убакта 43 ардагер болсо, ал эми азыркы учурда шаар боюнча 17 согуштун катышуучусу жана 16 оорукта эмгектенген ардагер бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: