Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата күмүш коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыкты







КРнын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Улуу Жеңишке 70 жыл” деген күмүш коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тыйын Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир тыйын акрил капсуласында жайгаштырылган жана сапаттык сертификаты тиркелип, өзүнчө кутучаларга салынган. Анын номиналы же нак баасы 10 сом, ал эми нускасы 1000 даана.
Белгилей кетсек, Улуу
Жеңиш күнүнүн урматына Георгиев лентасынан “70” деген санды чагылдырган, оюп
басуу ыкмасында түшүрүлгөн салтанаттуу салюттун сүрөттөлүшү тыйындын алдынкы
бетинин негизги сюжетин түзөт. Атылган салюттун туш-тарапка тараган
түркүн түстүү нуру голограмма менен, ал эми монетаны айланта Бишкек шаарындагы
И.В.Панфилов атындагы сейил бактын кире беришиндеги Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү
О.М.Мануйлованын эмгегине таандык генерал-майордун эстелигинин барельефинде
чагылдырылган согуш күндөрүнөн алынган сюжет түшүрүлгөн. Ошондой эле алдынкы бетте монетанын аталышы жана номиналы берилген.
Тыйындын арткы бетинде учу-кыйырына көз жетпеген, ааламды кучагына камтыган көгүлтүр көк асмандын алкагында тынчтыктын символу - ак кептердин элеси түстүү оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тыйындын чок ортосунан орун алган.






1 |