Кыргыз жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмү жогорулайт
Жогорку Кеңеш бүгүн, 15-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.
Долбоорго ылайык, чет өлкөгө жумушка мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенген адамдарга карата айып пулдун өлчөмүн төмөнкү ченемге чейин жогорулатууну сунуштайт:
- физикалык жактар үчүн – 50дөн 100гө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;
- кызмат адамдары үчүн – 100дөн 200гө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;
- юридикалык жактар үчүн – 500дөн 1000ге чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















