super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын Юстиция академиясы кыргыз сотторун окутуудан өткөрүүгө кызыкдар

 
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Соттун төрайымынын биринчи орун басары Канатбек Турганбеков Түркиянын Юстиция академиясынын өкүлдөрүнөн, Түркиянын соттору жана прокурорлорунан турган делегация менен жолугушту.    

Түркиянын Юстиция академиясынын вице-президенти Мустафа Артуч жылына аталган окуу жайга 8 миллион доллар бөлүнөрүн, ал жерде соттор гана эмес, прокурорлор да билим алышарын белгиледи. "Түркияда 15 000ге жакын сот жана прокурор бар. Биздин академияда 6 айлык окутуудан өтүшөт. Алгачкы бир жарым айда чогуу, кийинки төрт жарым айда соттор өзүнчө, прокурорлор өзүнчө окушат. Биздин окуу жайда түркиялык сотторго кандай шарт түзүлсө, ошондой шарттарды кыргыз соттору менен да бөлүшкүбүз келет. Бардык тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз. Кыргыз мамлекетинде 450гө чукул судья болсо, аларды бир жылда 90дон болсо да окутуп, беш жыл ичинде биздин академиядан квалификацияларын жогорулатууга бардык мүмкүнчүлүк бар",- деди Артуч.

Турганбеков өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасы, сот тутуму жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: