super.kg logo

“Кыргыз мамлекетиндеги чет элдик студенттердин окуусунда бир топ көйгөйлөр бар” дейт адис

 

Чет элдик студенттер кыргыз мамлекетинде көптөгөн кыйынчылыктарга учурашат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, учурда чет элдик студент кыргыз жергесине келгенден кийин 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек. Бирок бул нерсе практика жүзүндө дайыма эле ишке аша бербейт.

Биринчиден, 5 күндүн ичинде каттоого турбаган чет элдик жаран 10 миң сомдук айыпка жыгылат. Бул да болсо тоскоолдук. Экинчиден, студент окуу жайда билим алыш үчүн Билим берүү жана илим министрлигинен сертификат алып келиши зарыл. Ал жерде болсо кезек күткөндөр көп. "Эмнеге ар бир ЖОЖ өзү сертификат берүүгө болбосун же бизде адистер жаманбы?" деген суроо жаралат. Дагы бир мисал, бизде магистратурага окуганга болгону 2 миң орун берилген, а бирок бул квалификацияда окуйм дегендердин саны кыйла көп. Министрлик алардын санын көбөйткөндүн ордуна кыскартып жатат. Бул нерсе да чет элдик студенттердин Кыргыз Республикасында билим алуусуна жолтоо болууда. Буга кошумча сунуш, 3 жылдык бакалавриаттарды ачуу зарыл. Бул практикага көптөгөн күчтүү чет жердик окуу жайлар өтүшкөн”,- деди академик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: