Ошто мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багытталган акция жүрүүдө




Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө максатында уюштурулган акция 14-16-апрель күндөрүнө пландаштырылып, графиктин негизинде тиешелүү структураларда, факультеттерде, колледждерде, лицейлерде улантылууда. 14-апрель күнү ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жана бухгалтериясы, педагогика, математика жана информациялык технологиялар, физика-техника, теология, табият таануу жана география, медицина, орус филологиясы, эл аралык мамилелер факультеттеринин, Конфуций институтунун, Медициналык колледжинин, “Билим”, “Ыйман” лицейлеринин профессордук-окутуучулук курамы «Сабаттуу жазалы» акциясына катышып жат жазуу жазышса, бүгүн, 15-апрель күнү калган факультеттерде, коллеждерде улантылды. Окуу жайдан кабарлашкандай, акция кыргыз филологиясы, журналистика факультеттери жана мамлекеттик тил кафедралары тарабынан уюштурулуп, Мамлекеттик тил борбору тарабынан 16-апрель күнү жыйынтыкталат.


