super.kg logo

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы: "Абдылда Капаровдун үйүнөн 23 миң доллардын жоголгону бүдөмүк ойлорду жаратууда"

 

Ошто “Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалды” деген үйдөн 23 миң доллардын жоголгону бүдөмүк ойлорду жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Үйдүн ээси Абдылда Капаровдон Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн эмес. Эгерде ал тарабынан 23 миң доллардын уурдалганы боюнча жалган маалымат берилген болсо, тиешелүү жыйынтык чыгарылат. Анткени арадан 5 күн өткөн соң акчасынын жоголгону тууралуу билдиргени бүдөмүк ойлорду жаратты”,- дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.

Айта кетсек, 9-апрель күнү саат 21:00 чамасында Ошто оппозиция мүчөлөрү Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда белгисиз жигиттер кирип келишип, Оштон чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Андан соң Улуттук оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек КадыровБектур Асанов, Улукбек Маматаев Жалал-Абадга кетишкен.

Ал эми бүгүн айрым жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине Абдылда Капаров кайрылып, 9-апрелдеги окуядан кийин үйүнөн 23 миң доллар жоголгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал акчаны Бека согуп кетсе керек?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: