Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 4 эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүү үчүн 300 миң сом бөлүп берди

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жакында 4 эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүү үчүн өкмөттүн резервдик фондунан 300 миң сом бөлүп берди. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы 15-апрелде кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Кошумчалай кетсек, Нурлан Зарнаев жана Гүлайым Абдылдаеванын көп балалуу үй-бүлөсүнө президент Алмазбек Атамбаев үй салып алуу үчүн 2 миллион сом бөлүп берсе, Бишкек мэриясы 100 миң сом бөлгөн.
9-апрелде Бишкекте төрөлгөн 4 эмге Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды. Алмазбек деген ысым президент Алмазбек Атамбаевдин, Асылбек деген ысым Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун, Кубанычбек деген ысым Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун, Камчыбек деген ысым Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин урматына арналып ыйгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

