super.kg logo
  Саясат  

“Капиталдык салым” беренеси боюнча курулуучу мектептерге тендер өткөрүүнү көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлдү

 

Кыргыз мамлекетинде “капиталдык салым” беренеси боюнча курулуучу мектептерге тендер өткөрүүнү көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 15-апрелде өкмөттөн билдиришти.

Аталган документ долбоордук жана курулуш-монтаждык иштерге, типтүү мектеп долбоорлорун иштеп чыгууга тендерлердин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылды.

"Буйрукка ылайык, комиссия өткөрүлгөн жана өткөрүлүп жаткан тендерлердин коррупциялык схемаларын аныктоо үчүн комплекстик талдоо жүргүзөт. Комиссия мүчөлөрү энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен жалпы билим берүүчү мекемелердин типтүү долбоорлорунун варианттарын, ошондой эле өтө кыска мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерди бекитүү механизмдерин иштеп чыгууга тийиш",- деп айтылат маалыматта. 

Ведомство аралык комиссиянын жетекчиси болуп вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: