super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына" өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 16-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкын саламаттык үчүн керектүү дары-дармектерди алууну камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына" өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылчылыгы дары-дармектердин кээ бир түрлөрүнүн бааларынын кымбаттыгына байланыштуу болгон. Аталган мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын рыногун арзан генерикалык (оригинал дары-дармектерге аналогдор) дары-дармектер менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: