super.kg logo
  Саясат  

Президент "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын ченөөлөрдүн туура эмес жыйынтыктарынын кесепеттеринен коргоо болуп эсептелет.

Мыйзамда төмөнкү укук бузуулары үчүн кызмат адамдарына администрациялык айыптын өлчөмүн көбөйтүү жана юридикалык жактарга айыптарды белгилөө каралган:

- керектөөчүлөрдү алдоо;

- ылайыктуулугун баалоо боюнча техникалык регламенттердин талаптарын, анын ичинде аккредитациялоо органдары, продукцияны сертификациялоо боюнча органдары, сапаттын жана персоналдын менеджменти тутумунун органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан бузуу;

- ченөө каражаттарын алардын түрлөрүн бекитпестен же метрологиялык аттестациясыз пайдаланууга чыгаруу;

- керектөөчүлөрдү тейлөөдө метрологиялык кызмат тарабынан белгиленген тартипте текшерилбеген жана белги салынбаган чен-өлчөм каражаттарын колдонуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: