super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарында сот реформасы боюнча коомдук талкуу өттү

 

Ош шаарында 13-14-апрель күндөрү сот реформасы боюнча коомдук талкуу өттү. Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык, Кылмыш-аткаруу, Жарандык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциялары, Жосундар жөнүндө кодекстин, “Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучуларынын статусу тууралуу”, “Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууланды.

Жыйынга парламент депутаттары, өлкө президенти менен Жогорку Кеңештин аппаратынын, адвокатуранын, сот органдарынын, ИИМдин, прокуратуранын, Сот департаментинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформалардын зарылдыгы боюнча өз позицияларын билдиришти. Адвокат Жапар кызы Айсулуу: “Биз бир мейкиндикте, мыйзам так аткарылган өнүккөн өлкөлөр менен катар жашап жатабыз. Алардан кыргыз мамлекети эмне үчүн артта калышы керек? Сот реформалары - өз маалындагы, учурдун талабына ылайык келген жана өлкө үчүн зарыл процесс”,- деп билдирди.

Иш-чаранын максаты сот системинде жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө коомчулукту кабардар кылуу экенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: