super.kg logo
  Саясат  

Оңдоодон өткөн "Ысык-Көл" аэропорту туристтик сезонго чейин ачыла турганы айтылды

 

Вице-премьер-министр Валерий Диль 15-апрелде "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунун учуп-конуучу тилкесин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү тууралуу отчётту укту. “Манас” аэропортунун Долбоорлорду башкаруу жана аэропортторду өнүктүрүү боюнча дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов "Ысык-Көл" аэропортун оңдоонун биринчи этабына 25,9 миллион доллар жумшалганын, учуп-конуучу тилкеси 1800 метрге узартылганын, азыр тилкенин жалпы узундугу 3800 метрди түзөрүн билдирди.  

“2014-жылдын жыйынтыгы менен "Ысык-Көл" аэропорту 160 каттамды ишке ашырып, 5576 жүргүнчүнү тейледи. Азыркы учурда аэропортту туристтик сезон башталганга чейин ачууга даярдык көрүлүүдө”,- деди Бусурманкулов.

Долбоордун экинчи этабында учактарга күйүүчү май куюучу комплекс жана жүк терминалын куруу, инфраструктураны өнүктүрүү үчүн атайын техникаларды сатып алуу пландалып жатканы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: