Чемпиондор Лигасында "Барселона" конокто ПСЖ клубун 3:1 эсебинде утуп, бир буту менен жарым финалга чыкты
















ПСЖ - "БАРСЕЛОНА" - 1:3
Голдор: Неймар (18-мүнөттө), Суарес (67-мүнөттө), Суарес (79-мүнөттө), Матье (82-мүнөттө, өз дарбазасына).
16-апрелге караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Франциянын ПСЖ клубу өз үйүндө Испаниянын "Барселона" клубун кабыл алды. Оюн курч мүнөздө башталып, "Барсанын" оюнчулары алгачкы мүнөттөрдөн тарта топко ээлик кыла башташты. Ал эми ПСЖнын оюнчулары өз кезегинде каршы чабуулга ойношту. Бул күнү кетирилген 3 ката испаниялык клубга ири эсептеги жеңиш алып келди. 18-мүнөттө коргоочулардын катасын улай дарбазачы Сальваторе Сиригу да жаңылууга мажбур болуп, Неймар гол жараткан эпизоддо топту алыскы бурчка өткөрүп жиберди. Оюндун "Барселонанын" пайдасына чечилишине ПСЖнын лидери Тиагу Силванын 21-мүнөттө Давид Луис менен алмаштырылуусу да өз таасирин тийгизди. Луис Суарес экинчи таймда 2 ирет катары менен дал ушул Давид Луисти алдап өтүп, гол жаратты. Үй ээлеринин көңүлүн жубатуучу жалгыз топ 82-мүнөттө киргизилди. Бирок бул гол ПСЖнын жарым финалга чыгуусунда дээрлик эч кандай роль ойнобойт. Конокто киргизилген голдордун пайдасы мелдештин бул баскычында чоң роль ойнойт. Демек, "Барселона" жарым-жартылай жарым финалдык жолдомону камсыздады.
Бул командалардын ортосунда жооптук оюн 21-апрелде орун алат.
Чемпиондор Лигасы: ПСЖ - "Барселона" - 1:3
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
goodman02

16.04.2015. 12:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суарес дубль
skatoruk

16.04.2015. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барса азамат да озу!!
as.fanat

Медиа-портал
17.04.2015. 08:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...ай-йай-яй ПСЖ...ушул щпёф барсуктарга кантип алдыривирдинер...ай-йай...каракушкааа чаап утуп койсонор болмок)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.