Жалал-Абад шаарында зер буюмдарын уурдаган кыз кармалды

Жалал-Абад шаарында зер буюмдарын уурдаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал зер (алтын, күмүш) буюмдарын саткан дүкөнүнө белгисиз адам кирип, 400 миң сомдук товарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы кыз кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

аты жонун,жашаган жерин
толук эле жазып чыгарса
болмок.