super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар митингчилердин укуктарын бузган милиционерлерди сынга алышып, Бакиевдин ыкмалары колдонулуп жатканын айтышты

 
Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында депутат Данияр Тербишалиев доллардын кымбатташынан улам жапа чеккен насыя алуучулардын көйгөйүн көтөрдү.
"Насыя алгандар конституциялык укугун пайдаланып, кечээ Ак үйдүн астына митингге чыгышты. 10 мүнөт өтпөй укук коргоо түзүмүнүн кызматкерлери митингчилерди атайын унаага тыгып, ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. 100 миңдеген жаран насыядан кутула албай, айрымдары өз жандарын кыйып, башкалар мүлктөрүн сатышууда. Ооба, аларды эч ким насыя алууга мажбурлаган эмес, бирок өкмөт аларга жардам бериши керек",- деди Тербишалиев.
"Эгер мамлекет насыя алуучуларга жардам бербесе, алар радикалдуу чарага барышы мүмкүн. Айрым күчтөр саясий кызыкчылыктарын көздөп, чоң жаңжал чыгарышы мүмкүн. Тынч митингге чыккандарды мыйзамсыз алып кетүү боюнча прокуратуранын текшерүү жүргүзүүсүн талап кылам. Укук коргоочулар жарандардын конституциялык укуктарын бузушту. 2010-жылы революция учурунда милиционерлер "биз эл мененбиз" деп, жарандык кийимчен жүрүшкөн. 5 жылдан бери өзгөргөн жок. Бакиев колдонуп келген ыкмалар учурда деле колдонулуп жатат. Биз соттордун чечими менен жашайбызбы же Конституцияга ылайык жашайбызды?"- деп нааразы болду Тербишалиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: