Өлкөдө 12 миллионго жакын окуу китеби жетишсиз

Учурда өлкө боюнча 1-класстан 11-класска чейинки класстарда окуган окуучулар үчүн жетишсиз китептердин саны 11 миллион 890 миңди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, быйылкы жаңы окуу жылына карата китептер менен 100 пайыз камсыздалыш үчүн 600 миллион сом керектелет.
“Акыркы төрт жыл ичинде атайын анализ жүргүзүлгөн. Мектеп куралдарын толук алуу үчүн быйыл 600 миллион сом керек болот жана кийинки ар жыл сайын дагы 100 миллион сомдон сарптоо абзел. Биз бул маселени чечүү максатында окуу куралдарынын авторлору менен жолугушуп, гаджеттери бар окуучуларга китептердин бекер варианттарын берүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Тилекке каршы, бардык эле авторлор буга макул эмес”,- деди министр.


