Мектеп мугалимдеринин айлыктары 1-сентябрдан тарта 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн

Мектеп мугалимдеринин айлыктары 1-сентябрдан тарта 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча долбоор иштелип чыкты, аны Каржы министрлиги жактырса, иш оңунан чыгат.
“Өкмөт тарабынан билим берүү системине чоң жардам берилип жатат. Алардын бири - мугалимдердин айлыктарын жок дегенде 50 пайыз көтөрүү. Көпчүлүк министрликтер бул долбоорду колдоого алышты. Мугалимдердин статусун көтөрбөсөк, биздин эл агартуу системинин сапаты жана деңгээли эч качан жогорулабайт. Мындан тышкары мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча жогорку окуу жайларындагы педагогикалык факультеттерге окуу долбоорун киргизгени жатабыз”,- деди министр.










1 |