super.kg logo

Ош шаарында жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 2457 абитуриент катталды

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин бүтүрүүчү класстарынан 1797 окуучу жана кесиптик окуу жайлардын, колледждердин, техникумдардын акыркы курстарынан 660 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу укугун алды. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, тестирлөөгө каттоо ушул жылдын 24-февралынан 7-апрелине чейин жүрдү. Ал эми катталбай калган абитуриенттер 18-майда каттала алышат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015-жылы жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга жана контракттык негиздеги окутуу формаларына (күндүзгү, сырттан окуу жана кечки) тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы милдеттүү деп чечим кабыл алынгандыктан, ЖОЖго тапшырууну каалаган ар бир бүтүрүүчү тестирлөөгө катышуусу шарт.

Жалпы республикалык тестирлөө республика боюнча 19-22-май күндөрү жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: