super.kg logo
  Саясат  

"Мугалимдердин айлыгын көтөрүү учурунда мектеп ашпозчуларынын маянасын да көбөйтүү керек" деди Бактыбек Калмаматов

 
Бактыбек Калмаматов

Парламент депутаты Бактыбек Калмаматов бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө мектеп ашпозчуларын, пол жууган жумушчуларды да эске алууну сунуштады. Депутат Кара-Кулжа районундагы мектептерди кыдырып келгенин, ашпозчулар 1300 сом маяна алышарын белгиледи. "Көптөгөн мектептерде кенже класстын окуучуларына тамак даярдап берген ашпозчулар 500-1000 метр аралыктан суу ташып келип, тамак даярдашат. Сууну эшек менен ташышат, айлыгы ошол эшектин кызматына эле кетип калууда. Мындай көрүнүш өлкөнүн бардык эле аймактарында бар",- деди Калмаматов.

Депутат мектептерде мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу керектигин айтып, "азыр акысыз билим берген мектеп дээрлик калган жок" деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: