Жабырлануучу тарап: "Биз тосмо арыз жазган эмеспиз, Канжар Кадыралиевдин үй камагына кантип чыкканы түшүнүксүз”



"Бишкек шаардык соту эмненин негизинде 10-апрель күнү Канжар Кадыралиевди үй камагына чыгарганы түшүнүксүз" деген оюн бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынында жабырлануучу Уулкан Келдибаева билдирди. Анын айтымында, Келдибаевдер эч кандай тосмо арыз жазышкан эмес.
“Бул жалган маалымат, биз тосмо арыз жазбайбыз, артка жол жок. Канжар Кадыралиев тоок уурдадыбы, эмнеге шаардык сот аны үй камагына чыгарат? Ал укук коргоо органдарынан качып, жашынып жүрдү. Ал эжесинин үйүндө жашынып жаткан учурунда ага эки жолу "Тез жардам" керек болгон үчүн гана кармалды. Канжар Кадыралиев бирөөнүн мүлкүнө кол салды, өзү прокуратура кызматкери болсо, аны кантип үйгө жаткызып коюшту? Биз азыр милицияга да, медиктерге да ишенбей калдык”,- дейт Уулкан Келдибаева.



Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
Корупция, корупция качан курсагың жарылаар экен???
Эл менен болсонор.