super.kg logo

ЭлТРдин кызматкери: "Жетекчи Максуда Айтиева менин ордума маданиятсыз баланы продюсер кылып койду"

 
Аида Шекенова
Бейшенбек Бекешов
ЭлТРдин кызматкерлери маалымат жыйынында отурушту.

"Телеканалдын аталышы өзгөртүлүп, ЭлТР катары 10 жылдан бери иштеп келе жатат, жамаатта эч качан интрига деген нерсе болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйында аталган телеканалдын кызматкери Аида Шекенова билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчи Максуда Айтиеванын келиши менен эмгек акы 10-15 күнгө кечиктирилип берилүүдө.

Көптөгөн программалар токтотулду, тажрыйбасы жок, кыргызча чала сүйлөгөн кабарчылар алынды. Менин ордума башка бир баланы маданият бөлүмүнүн продюсери кылып койду. Ал журналист кыздарга кыйкырып мамиле жасайт. Бул маданияттуулукпу? 

Биз жетекчиге талап коюп, алар аткарылбаса иш таштай турганыбызды билдиргенбиз. Бирок президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов маселе 2-3 күндүн ичинде чечилерин айтты, буга байланыштуу иш таштоого баруудан баш тарттык”,- деди журналист.

Телеканалдын жетекчиси Максуда Айтиева айлыктардын кечиктирилиши тууралуу 15-апрелде SUPER.KG порталына буларды айткан: "Ооба, февраль айында кызматкерлердин айлыгын берүү кечиктирилген. Мунун себеби мындай: Санариптик берүүгө өткөрүү талабы бар, анын алкагында биздин каналга 10 миллион сом каралган. Ал акчанын баары Оштогу студияга жумшалды. Бишкекте да студиябыз бар, ага да 5 миллион сом жумшоого туура келди. Ошондуктан кечиктирилди. Ал эми март айынын маянасы өз убагында берилди. Апрель айыныкы даяр, өз учурунда берилет". 

Ушул эле маалымат жыйынында телеканалдын жетекчисинин орун басары Бейшенбек Бекешов жетекчи Максуда Айтиеванын коррупцияга малынганын айтты. "ЭлТРдин Жаңы жылдагы концерттик программасын коммерциялык негизде уюштурам деп ырчылардан жана концертке келген меймандардан 350-400 миң сом акча жыйнаткан. Анын бир тыйыны да кассага түшкөн эмес. Иштегендердин ар бирине 2 миң сомдон, баш-аягы 60-70 миң сом таратып берген. Калган акчанын эмне болгонун бухгалтерия да, коммерциялык бөлүм да, чарбалык бөлүм да, чыгармачыл жамаат да билбейт. Каналдын атайын эсебине өткөн жылы январда эле 400 миллион сом түшсө, быйыл 1-кварталдын үч айы биригип 2 миллион сом түштү. Кызматкерлер Айтиевага чейин алып турган премия дегендер биротоло токтоду”,- деп кошумчалады Б.Бекешов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
16.04.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Все анда проблема жок турбайбы) смело иштей бергиле)
16.04.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жетекчи 4 кишиге жакпай калса эле пикет микет уюштуруп ишташтоо боло калат. уялгалачы жумушчулар иштеш керек башка толо жумушбар
16.04.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул аял мурда эрте мененки программаны алып барчу беле
16.04.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушунун баары бекешовдун кылыгы окшойт,кайда журсо ызы чуунун устундо журот айтор,мындай жалаа жапкандан кийин далил созсуз болуш керек да.
16.04.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болушунча чукулашыптырда
16.04.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекешовдун эле ылганы. тиги айбекке бок барбы десенер. бир кезде мен жетиммин деп жалган жашык айтып тагдырга чыккан бала ушул да. билсенер. бишкектеги болумундо интриганын баары жатат тура корсо оштогулары шугур келтирип эле иштеп жатышат
16.04.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pirim77, туура айтасыз! Айбек кимге болсо жагалдана берип аял кейиптенип бутту го чиркин!
16.04.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат. Бир аз ЭЛТРге порядок керек.
16.04.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элтрге уят!!! Ички маселени элге алып чыкпай деле коюшса болмок. Далили жок аял ушактары арбын экен. Алсыздар дайым интригага жакын болушат.
16.04.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооой Шекенова копец! Ни рыба ни мясо! Кантип уялбайт! Менин ордума маданиятсыз бироону алып келип койдууу деп!!! Озу маданияттуу экенин ага ким айтты экен. Жаш туруп карыган Бекешовдун интригасына аралашып калганы келечегине жаман болуптур! А Максуда эже менин билишимче мындай ылымталар менен иштеше албайт!
16.04.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Бүгүн, ЭлТРдин айрым Б.Бекешов баш болгон кызматкерлери маалымат жыйынында сизди жаңы-жылдык “Кѳгүлтүр от” программасын тартууда, артисттердин ар биринен 300 доллардан алган деп айтышты, бул маалымат чынбы?

-Жаңы-жылдагы “Кѳгүлтүр от” программасын ЭлТРдин маданият бѳлүмү тартып, алар уюштурган. Уюштуру тобунун арасында азыр маалымат-жыйынында жүргѳн Аида Шакенова ѳзү да. Артисттерден 300 доллар алды дегени чындыкка жатпайт. Жеке мен артисттерден 300 доллар эмес, 3 тыйын да алган эмесмин. Аны артисттерден да сурасаңыздар болот. Жаңы-жылдагы программа боюнча каражаттардын сарпталышынын бары Аида Шекенованын катышуусу менен уюштуруу тобу кѳзѳмѳлдѳгѳн.
ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-17 10:09:08
17.04.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BubleGum - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
17.04.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маданияттуулары ушу адамдар болсо ,анда созум да жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: