super.kg logo

Ошто “Жаш өрт өчүрүүчүлөр” аталышындагы иш-чара өттү

 

Кечээ, 15-апрелде Оштогу Панфилов атындагы №23-мектеп-гимназиясында “Жаш өрт өчүрүүчүлөр” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты окуучулар арасында өрттүн алдын алууну жана аларга, жаш өрт өчүрүүчүлөр кошуундарынын мүчөлөрүнө өрт учурунда колдонуучу ыкмаларды тереңдетип үйрөтүү болуп саналат. Анын жүрүшүндө башталгыч класстын окуучуларына «Өрт - тилсиз жоо» деген темада ачык сааттар өткөрүлүп, Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаш жеткинчектерге өрттүн келип чыгуу себептери, өрт коопсуздугунун эрежелери жөнүндө кеңири түшүнүк берилди. Ошондой эле мектеп имаратынын окуу классында жасалма өрт уюштурулуп, окуучулар мектепте түзүлгөн жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен коопсуз жайга чыгарылып, мектеп аянтына тизилишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: