super.kg logo
  Саясат  

Прокуратура тарабынан 2014-жылы коррупциялык фактылар боюнча 545 кылмыш иши козголгон

 

Кыргыз мамлекетинде 2014-жылы прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча 1803 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаева 16-апрелде парламент жыйынында билдирди. Текшерүү жыйынтыгында 890 сунуш, 217 каршылык, 491 талап, 316 эскертүү болгону, 230 административдик жана тартиптик өндүрүш козголгону айтылды.

Жолдубаеванын айтымында, прокурордук актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 1333 адам тартылып, алардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 72 адамга көбөйгөн. "Административдик жоопкерчиликке 155 адам тартылды. Прокурордук чара көрүү актылардын негизинде өндүрүлгөн зыяндын көлөмү 15 миллион 125 233 сомду түзүп, 545 кылмыш иши козголду”,- дейт башкы прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: