super.kg logo
  Саясат  

Президент Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады

 
Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен облус элин куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 

Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Баткен жергесинин тургундары!

Баарыңыздарды облустун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан кийин тушоосу кесилген Баткен облусу мамлекет менен бирге торолуп, өлкөбүз менен кошо оор cыноолорду баштан кечирип келе жатат.

Республикабыздын эң жаш облусунун өнүгүшү жана келечеги дайыма мамлекеттин көңүл борборунда. Акыркы жылдары Баткендин энергетикалык, транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча бир катар иштер жасалды. "Айгүл-Таш-Самат" линиясы, "Самат" көмөк чордону пайдаланууга берилди. Облус энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушу аяктоо алдында. Бул масштабдуу долбоорду аягына чыгаруу менен транспорттук көз карандысыздык маселеси чечилет. Баткен облусу менен өлкөнүн башка аймактарынын ортосундагы байланышы бекемделип, социалдык тейлөөнү жакшыртууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жол ачылат.

Өлкөнүн татыктуу уулдарынын бири Исхак Раззаковдун кичи мекени - Баткен облусунун келечеги кең. Бул үчүн аймактын айыл чарбасын өнүктүрүп, жаңы өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын, социалдык-маданий объектилерди куруу милдети турат. Бул ишке мамлекет да, облустун тургундары да шымалана киришүүгө тийиш. Мамлекеттин жардамын гана күтпөстөн, ар бирибиз облусубузга, шаарыбызга, районубузга айылыбызга, көчөбүзгө пайдалуу иш жасайлы.

Өрүкзар жергесинин мээнеткеч эли кылымдар бою калыптанган коңшулаштыктын жакшы салттарын улап, көп улуттуу элдердин башын бириктирип, бардык күч-аракетин облустун экономикасын, өзгөчө өнөр жайын өнүктүрүп, Баткенди гүлдөгөн өрөөнгө айландырууга жумшайт деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат турмуш каалайм! Өлкөбүз тынчтыкта жана бейпилдикте гүлдөп-өнүгө берсин!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: