super.kg logo

Ош мамлекеттик университети Түркиянын Анадолу жана Османгази университеттери менен кызматташа баштайт

 

Ош мамлекеттик университети Түркиянын Анадолу жана Османгази университеттери менен кызматташа баштайт. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков аталган окуу жайдын ректорлору менен жолугуп, эки университеттин окуу процесси, материалдык-техникалык базасы менен кенен таанышып, Ош мамлекеттик университети менен Анадолу жана Османгази унивеситеттеринин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишти. Анадолу университети менен дистанттык билим берүү багытында тажрыйбаларды үйрөнүү үчүн, ошондой эле Османгази университети менен магистранттар докторанттарды, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу боюнча кызматташуу белгиленди. Бул сүйлөшүүлөр өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун Түркиянын Эскишехир облусу менен болгон достук келишиминин алкагында орун алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: