super.kg logo
  Саясат  

АКШдан "Манас" аэропортуна түшүрүлүп, шек жараткан 152 тонналык жүк элчиликтин курулуштарына келген материалдар экени айтылды

 

АКШдан Кыргыз Республикасына алынып келинген 152 тонналык дипломатиялык жүк элчиликтин жаңы курулуп жаткан имаратына керектүү курулуш материалдары. Бул тууралуу 16-апрелде АКШнын кыргыз жериндеги элчилигинин билдирүүсүндө айтылды. Дүйнө жүзүндөгү дипломатиялык миссиялар - биздин же башка өлкөлөрдөгү ушул сыяктуу дипломатиялык жүктөрдү, дипломатиялык алакалар жөнүндөгү Вена конвенциясында белгиленгендей, жергиликтүү өкмөт менен кызматташуунун негизинде жүргүзүлгөн катардагы эле иш-аракет деп кабыл алат. Бул жүк элчилик муктаж болуп куруп жаткан кошумча имаратка керектүү курулуш материалдары”,- деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев SUPER.KG порталына буларды айтты: “Эл аралык эрежелерге ылайык, дипломатиялык жүк катары сырттан алынып келинген жүктөрдү жергиликтүү өкмөт текшербейт. Текшерүүгө акыбыз да жок. Ал эми АКШдан келген жүк эч кандай күмөндүү эмес. Бул ошол элчиликтин куруп жаткан имаратына керектүү каражаттар болушу мүмкүн”.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз жериндеги орус басылмаларынын бири Украинанын учактары аркылуу АКШдан “Манас” аэропортуна эки ирет белгисиз жүк түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Андан кийин Орусиянын маалымат булактары дипломатиялык жүктү шектүү деп атап, “АКШ кыргыз мамлекетинде Украинадагыдай революция кылууга даярдык көрүүдө” деп жарыялашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: