super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин делегациясы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков жана Жоомарт Сапарбаев 16-апрелде Коопсуздук тармагындагы эл аралык саясат боюнча директору Ник Гуур баштаган Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы алакаларды арттыруу жана парламенттик демократияны өнүктүрүү жолдору, Кыргыз Республикасына Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын "демократия боюнча өнөктөш" статусунун берилиши жаатында пикир алышты.

Баатырбеков Жогорку Кеңештин, анын коалициялары менен фракцияларынын, тармактык комитеттердин иши, ушул жылдын күз мезгилинде өтүүчү кыргыз парламентине шайлоолор тууралуу учкай маалымат берди. Ал эми депутат Сапарбаев өлкө 2010-жылдан тарта өнүгүүнүн парламенттик демократия жолун тандап алганын, бул багытта Улуу Британиянын көп кылымдык тажрыйбасы бар экенин айтты.

Н.Гуур Улуу Британиянын делегация мүчөлөрү тарапка көмөк көрсөтүү максатында анын керектөөлөрүн жеринен иликтеп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: