super.kg logo
  Саясат  

Баткенде милиция кызматкерлери үчүн курулуучу көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салынды

 
Баткенде милиция кызматкерлери үчүн курула баштаган көп кабаттуу турак жайдын пайдубалына капсула салынды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, турак жай Баткен шаарынын Келечек кварталынын Чет-Булак айылына ИИМдин атайын багыттагы полкунун жана Баткен ОИИБинин тез аракеттенүүчү кошуунунун күжүрмөн кызматкерлерине, ошондой эле жол-кайгуул кызматкерлерине арналып курулууда. Курулушка жалпы 78 миллион 500 миң сом каралганы маалым болду. 
Аталган иш-чарадан кийин министр Мелис Турганбаев Баткен ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Ашим Тагаевге жана Баткен ОИИБинин Жол-кайгуул күзөт кызматына 2 кызматтык автоунаа тапшырды. Мелис Турганбаев өз сөзүндө: “Баткен биздин жаңыдан өсүп-өнүгүп келе жаткан облус, бул курулуш 2 жылдык мөөнөттө толугу менен бүткөрүлүп берилет, бул да болсо өзгөчө көңүл буруу”,- деп билдирди
Андан соң 2008-жылдын апрель айында Баткендин милиция кызматкерлерине 48 батирлүү жаңы үйдүн курулушу башталып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан бүгүнкү күндө ошол 48 батирлүү үйдүн 24 батирлүү бөлүгү толугу менен бүткөрүлбөй токтоп тургандыгы боюнча кененирээк таанышып, бул курулуш 2015-жылдын октябрь айына чейин толугу менен бүткөрүлөрүн айтты.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: