1-майдан тарта мектеп-интернаттарда окуган балдардын тамак-ашына 30 сомдон 60 сомго чейин кошулат
Бүгүн, 17-апрелде парламенттик КСДП фракциясынын жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу маселеси боюнча маалымат берип жатат.
Жыйында фракция лидери депутат Чыныбай Турсунбеков мектеп-интернаттарда жатып окуган окуучулардын тамак-ашы кандай көлөмдө каржыланып жатканын сурады. Министр учурда аталган окуу жайларда күнүмдүк тамак-ашка 30 сомдон бөлүнүп жатканын айтты "2015-жылдын 1-майынан тарта мектеп-интернаттарда окугандардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнчү акча каражаттын көлөмү 30 сомдон 60 сомго чейин жогорулайт",- деди Сариева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

