Эрлан Абдылдаев менен Венгриянын президенти "Манас-2" аэропортунда кыска сүйлөшүү өткөрүштү
Венгриянын президенти Янош Адер менен кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев


Венгриянын президенти Янош Адер менен кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Венгриянын президенти Янош Адер менен кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Монголиядан кайтып келе жаткан Венгриянын президенти Янош Адер 16-апрелде Бишкектеги "Манас-2" аэропортуна кыска мөөнөткө токтоду. Бул учурда президент КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу мамилелер тууралуу кыскача сүйлөшүү жүрдү. ТИМдин билдиришинче, тараптар өлкөлөрдүн дипломатиялык кызматташтыгынын 23 жылдыгы менен бири-бирин куттукташып, саясий, соода-экономикалык тармакта байланышты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууда аймактык жана эл аралык саясаттагы айрым маанилүү маселелер да талкууланганы айтылды.
Айта кетсек, кыргыз мамлекети менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык байланыш 1992-жылдын 16-апрелинде түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

