Түркмөнстанда окуучулардын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тараган соң мектептерде текшерүү иштери жүрүп жатат





Түркмөнстандык мектеп окуучуларынын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тарап кетти. Түркмөнстандык басылмаларда жана интернетте катуу талкууланып жаткан бул окуядан кийин прокуратуранын өкүлдөрү аталган мектеп жайгашкан облуста текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Видеодон окуучулардын музыканын коштоосунда шыпыргы кармап бийлегенин көрүүгө болот. Түркмөн басылмаларынын бири бул окуяга токтолуп, "видеого жергиликтүү чиновниктер да күбө болгон болушу мүмкүн" деп жазат. Учурда окуучулардын уюлдук телефондорундагы видео жана сүрөттөр текшерилип жатат. Буга чейин мектеп окуучуларынын уюлдук телефондорунан эротикалык сүрөттөр табылган учурлар болгон. Тарбия иштери боюнча директордун орун басарына сөгүш берилип, бир канча окуучунун уюлдук телефондору алынды.
Кошумчалай кетсек, окуучулардын катышуусундагы мындай жорук жакында Орусиянын Оренбург шаарында катталган. “Кредо” деген аталыштагы музыкалык мектептин окуучулары ата-энелерине “Аарылар жана Винни-Пух” деген аталыштагы номерди көрсөтүп беришкен. Анда жарым жылаңач кийинген окуучулар тверкинг бийин бийлешкен (бул эротикалык бий катары мүнөздөлүп келет). Бийдин видеосу интернетке тарагандан кийин аталган мектептин иши убактылуу токтотулду.
Түркмөнстандык окуучу кыздардын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тарап кетти
Иий, бетим! Балдар театры: Аарылар жана Винни Пух.

















1 |