super.kg logo
  Саясат  

“Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды

 

Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында "Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин билдиришинче, мыйзам долбоору Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаарларын, Баткен жана Лейлек райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн иштелип чыкты. Баткен ЭЭАны түзүү аймакка инвестиция тартуу боюнча жакшы мүмкүндүк берери айтылды.

Баткен ЭЭАны түзүү жана толук иштеши ар түрдүү даражада төмөнкүлөргө көмөктөшөт:

- жаңы өндүрүштүк ишканаларды жана башка чарбалык жайларды ачууга;

- чек арага жакын аймактарда калкты иш менен камсыз кылууга;

- жергиликтүү калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу аркылуу аны кармап калууга;

- аймактын экспорттук потенциалын жогорулатууга;

- товар жүгүртүүнү арттырууга;

- атаандаш аймактык экономиканы, инфраструктураны жандандырууга, экономиканын аймактык кластерлерин өнүктүрүүгө.

Мыйзамдын долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: