super.kg logo
  Саясат  

Санкт-Петербург шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" аттуу акциянын соңку салтанаты өттү

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 16-апрелде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" аттуу акциянын соңку салтанаты өттү. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин делегациясы да катышып келгенин 17-апрелде Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, бул иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги Парламент аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, шериктештиктин бардык өлкөлөрүндө болуп өттү. КМШнын бардык өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн Өчпөс оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилип, шериктештиктин биримдигин символдоштурган бир отко бириктирилди. Бул милдетти КМШ өлкөлөрүнүн улуттук кийимин кийген жаштар аткарышты. Салтанатка шериктештиктин бардык өлкөлөрүнөн келген согуш ардагерлери катышып, Кыргыз Республикасынын атынан ардагер Омор Сооронкулов өкүл болду.

Айта кетсек, Бишкекте мындай иш-чара 2015-жылдын 27-мартында өтүп, ага КМШ ПААнын делегациясы жана Санкт-Петербург шаарынан келген ардагерлер катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: