super.kg logo
  Саясат  

Британиялык ишкер Максим Бакиевди сотко берди

 
Улуу британиялык жаран Шон Дейли качкын президенттин уулу Максим Бакиевди сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Маалыматта Шон Дейлинин 2006-жылы кыргыз мамлекетинде алтын өндүрүүчү "Oxus" компаниясын жетектегени, компаниясы лицензия алууга аракеттенип, бирок атаандашы алып кеткени, Дейлиге өз үйүндө кол салуу болуп, араң аман калганы айтылат. Аталган кылмыш боюнча кыргыз мамлекетинде 2014-жылы соттун чечими чыгып, кылмышты уюштурган деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев менен уулу Марат Бакиев (улуу баласы) сыртынан 20 жылга кесилген. 
Британиялык ишкер качкын президенттин баласы Лондондо баасы 3,5 миллион фунт стерлинг турган хан сарайда, өзүнүн үйүнөн 60 чакырым алыстыкта жашап жатканына макул эмес. 
Соттук угуулар быйыл июнда башталары айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: