super.kg logo
  Саясат  

Ислам Каримов Алмазбек Атамбаевди дипломатиялык мамилелердин орношунун 20 жылдыгы менен куттуктады

 

 Президент Алмазбек Атамбаевди Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 20 жылдыгы менен куттуктады. Анда: “Урматтуу  Алмазбек Шаршенович, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоолорду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Өзбек жана кыргыз элин көп кылымдар бою достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер, тарых менен маданияттын жалпылыгы, тилдердин, салт-санаалардын, үрп-адаттардын жакындыгы тыгыз байланыштырып, ар дайым эки тараптуу кызматташууну ырааттуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, регионубузда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого ишенимдүү негиз болгон жана мындан ары дагы боло бермекчи. Мезгил сыноосунан өткөн өз ара урматтоо жана ишеним көрсөтүү мамилебиз мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыктарында, жемиштүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өнүгө берерине ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүү жана прогресс каалайм. Урматтоо менен Ислам Каримов, Өзбекстан Республикасынын Президенти”,-деп жазылган.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: