super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде элди санариптик телеберүүгө өткөрүүгө керектүү жабдуулар кедей үй-бүлөлөргө бекер таратылат

 
"Ата Мекен" фракциясынын 17-апрелдеги жыйыны

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 17-апрелдеги жыйынында өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев ааламдашуу доорунда заманбап санариптик көрсөтүүгө өтүү кыргыз мамлекети үчүн маанилүү маселе экенин белгиледи. "Мындай улуттук программаны үзгүлтүккө учуратпай, ага жолтоо болгон көйгөйлөрдү өз маалында биргелешип чечишибиз керек. Ошондуктан даярдыктын жүрүшү тууралуу так маалымат алып, жакындан жардам берүү менен аны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөөнү туура таптык",- деди депутат.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов быйыл 15-июндан тарта телеканалдар санариптик көрсөтүүгө өтө баштаарын, өткөөл мезгил 4-5 жылда толук бир калыпка түшөрүн айтты. "Санариптик көрсөтүүгө өткөн бардык телеканалдардын көрсөтүү сапаты бирдей деңгээлде жакшырат. Ал үчүн эски телевизорлорго ресивер орнотуу зарыл. Калктын жакыр катмарына мындай кошумча жабдуулар бюджеттин эсебинен бекер таркатылат",- дейт министрдин орун басары.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова санариптик көрсөтүүгө өтүүдө мамлекеттин үлүшү бар телеканалдарга атайын социалдык пакет каралып, ага 14 телеканал тартылганын билдирди. "Адегенде республикалык маанидеги каналдарга 10 миллион сомдон, облустук каналдарга 1 миллион 428 миң сомдон каралган. Бирок парламенттин чечимин эске алуу менен каражатты республикалык каналдарга теңөө чаралары колго алынды. Ал эми коммерциялык каналдар сынак аркылуу санариптик көрсөтүүгө өткөрүлө баштайт",- дейт Темирбекова.

Жыйынтыгында фракция тарабынан санариптик көрсөтүүгө өтүү процессинин мыйзамдык базасын бекемдөө чечими кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: