Жогорку Кеңеш: Коалициялык көпчүлүк "Кумтөр" маселесин карап жатат

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 17-апрелде кезексиз жыйынга чогулду. Отурумда негизги маселе катары "Кумтөр" каралмакчы. Талкууга коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын мүчөлөрү жана өкмөт өкүлдөрү катышууда. Отурумда бул маселени чечүү боюнча 3 багыт айтылууда. Алар: кенди улутташтыруу, канадалык "Центерра" ишканасы менен биргелешкен ишкана түзүп, "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү жана "Кумтөр" боюнча азыркы статусту сактап калып, "Центерранын" Директорлор кеңешин гана алмаштыруу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

