super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев 2012-жылы "Центерранын" Директорлор кеңешинин кыргыз мүчөлөрү өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогонун айтты

 

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк кезексиз жыйынга чогулуп, "Кумтөр" маселесин карап жатат.

Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев 2012-жылы "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешиндеги кыргыз мүчөлөрүн өлкөнүн кызыкчылыгын эске албаганы үчүн сынга алды.

"2012-жылы "Центерранын" жетекчилиги эмиссия жүргүзүп, 1828 кошумча акция чыгарган. Директорлор кеңешиндеги биздин үч мүчөбүз муну колдогон. Мындан улам ошол кездеги биздин 33 пайыз үлүшүбүз 32,75 пайызга төмөндөгөн. Учурда ар бир пайыз үчүн күрөшүп жатсак, "Центеррадагы" биздин өкүлдөр каршы чыгышкан жок. Эмне үчүн кошумча акция чыгарылган? Кандай зарылдык бар эле?"- деп суроо салды Текебаев өкмөткө.

"Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров "Центерранын" Директорлор кеңешине 2013-жылдын 30-июлунда киргендигин айтып, аталган чечимге тиешеси жок экенин билдирди. "Ооба, "Центерра" эмиссия жүргүзгөн, бирок дүйнөдө бул кадимкидей көрүнүш. Мындай кадамга "Центерранын" жетекчилиги кызматкерлерге эмгек акыларды акция менен берүү үчүн барган",- деп жооп берди Шакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: